Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда бүгүн, 27-октябрда Айпери Медет кызы жарым финалга чыкты.
76 килограмм салмакта күч сынашкан кыргызстандык балбан 1/8 финалда египеттик Самар Амерди 10:6 эсебинде жеңди. Ал эми чейрек финалда Австриянын өкүлү Мартина Кюнц менен беттешип, 3:3 эсебинде жеңишке жетти. Балбан кыз акыркы упайды биринчи алгандыктан, жеңүүчү деп табылды.
Эми жарым финалда Медет кызы индиялык Кажал менен күч сынашат.
Жарым финалдык беттеш бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 17:45те башталат.