Президент Садыр Жапаров биздин порталга берген маегинде жергиликтүү жетекчилердин ишинин темпи жай болуп жатканын белгилеп, элдин көйгөйлөрүн жана көптөн бери чечилбей келе жаткан талаш-тартыштарды создуктуруп жаткан жетекчилерге карата кадрдык чаралар көрүлөрүн билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, Жаңы жылдан кийин 2026-жылдын жыйынтыгы чыгарылып, жетекчилердин ишинин натыйжасы бааланат. Анын негизинде жооптуу жетекчилерге карата тиешелүү чаралар кабыл алынат.
Президент бул чаралар губернаторлорго гана эмес, бардык жетекчилерге тиешелүү болорун белгиледи.