27-октябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Чүй проспекти менен Валиханов көчөсүнүн кесилишиндеги көпүрөнүн курулуш иштерин текшерди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, учурда көпүрөнүн устундарын орнотуу жана конструкцияларын бетондоо иштери жүрүүдө.
"Долбоорго ылайык, көпүрөнүн узундугу 90 метрди түзүп, алты тилкелүү болот. Эки тарабында тең туурасы 3 метрден болгон жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар каралган. Мэр курулушту белгиленген мөөнөттө бүтүрүп, иштердин сапатын камсыздоону тапшырды. Аба ырайы ыңгайлуу болсо, көпүрөнү 2026-жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда",- деп кошумчалады мекеме.