Биз социалдык тармакта

Токмокто 31-октябрдан тарта жылуулук бериле баштайт

Токмок шаарында жылытуу мезгили 31-октябрда башталат. Бул тууралуу 27-октябрда аталган шаардын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Токмок жылуулук менен жабдуу" мекемесине шаар тургундарына жылуулукту өз убагында берүү, авариялык бригадаларды даярдоо жана мүмкүн болгон кырсыктарды тез арада жоюу тапшырмалары берилди.

"Ошондой эле мектептерде, башка социалдык мекемелерде жана жеке үйлөрдө жылытуу системдеринин абалын текшерүү тапшырылды",- деп белгиленет маалыматта.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан