Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов Бишкекте эки баласы менен курьер болуп иштеген энеге каражат чогултканы үчүн элге ыраазычылык билдирди.
"Элибиздин жакшы сапатын айткым келип турат. Мына, курьер болуп иштеген энеге жалпы мекендештер жардам беришти. Бул деген жөн гана материалдык жардам эмес, бул деген элибиздин ынтымактуулугун, бооркерлигин айгинелеп турат",- деди эл өкүлү.