Бүгүн, 28- октябрда Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда кыргыз балбан кызы Мээрим Жуманазарова чейрек финалга чыкты.
68 килограммда күч сынашкан балбан кыз 1/8 финалда индиялык атаандашын 5:1 эсебинде жеңди.
Ал эми чейрек финалда америкалык Кеннеди Алекс Бладес менен күч сынашат.