Биз социалдык тармакта

Эртең Садыр Жапаров Түркияга иш сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдогандын чакыруусу менен 29-30-октябрда Анкара шаарына иш сапары менен барат.

Өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын 13-саммитине катышат.

"Саммиттин алкагында аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланат. Анын жыйынтыгы боюнча Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын Анкара декларациясына жана катышуучу мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоого багытталган башка документтерге кол коюу пландалууда",- деп белгиленди маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан