
Ош облусундагы Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунда асфалт төшөө иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда Транспорт министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалпы узундугу 138 чакырымды түзгөн жолдун буга чейин 72 чакырымы асфальтталган. Учурда 54,4 чакырым тилкесинде курулуш иштери жүрүп жатат.
"Жолдун кооптуу тилкелерине темир-бетон тосмолору, суу жана сел өткөрүүчү түтүктөр орнотулууда. Айрым тилкелерине атайын техникаларды сактоого арналган үч ангар курулуп, пайдаланууга даяр болду",- деп белгиленет маалыматта.