АКШда эпилепсия дартынан жабыркаган 31 жаштагы Боуэн Ван ChatGPT сунуштаган схема боюнча талмага каршы дарынын дозасын азайткандан кийин каза болду. Бул тууралуу кечээ, 28-октябрда The New York Times басылмасы жазды.
Маалыматка караганда, аял дары ичүүнү 25 күндүн ичинде толук токтотууну пландаган.
"Дозаны азайтуу учурунда анын абалы начарлап, эс-тутуму бузулган. Кийин талмасы кармап, каза болгон. Маркумдун ата-энеси OpenAI компаниясын жана анын жетекчиси Сэм Альтманды сотко берип, чат-бот кооптуу медициналык кеңеш бергенин айтышууда. Бул дооматтар боюнча соттун акыркы чечими азырынча белгисиз",- деп кабарланды.