
MEGA улуттук уюлдук байланыш оператору интернет трафиктин болуп көрбөгөндөй чоң көлөмүн, башка операторлорго чалуулар үчүн мүнөттөрдү, санариптик кызматтарды жана саякатка чыгуу үчүн артыкчылыктуу сунуштарды өз ичине камтыган ULTRA премиалдык тарифтик планын сунуштайт,
Тарифтин наркы 30 күнгө 1000 сом. Топтомго төмөнкүлөр кирет:
Саякат үчүн жагымдуу шарттар
ULTRA тарифин колдонгон абоненттер роумингде мобилдик интернеттин атайын шарттарынан пайдалана алышат. Тарифтик планга киргизилген 1 ГБдан тышкары, абоненттер кошумча топтомдорго 50% арзандатуу менен кире алышат. Бул сунуш 1, 3, 5, 7 жана 10 ГБ топтомдоруна тиешелүү.
Аталган тарифтин колдонуучулары «Манас» эл аралык аэропортунда бизнес-залга кирүү жана жүктү таңгактоо үчүн 40% арзандатуу алышат.
Номер тандоо жана тейлөөдөгү артыкчылыктар
Тарифти кошууда абоненттер бардык коддордогу "Күмүш", "Атайын күмүш", "Алтын" жана "Атайын алтын" категорияларынын номерлерин акысыз тандай алышат. Платина категориясындагы номерлерге 50% арзандатуу каралган.
Мындан тышкары, *888 атайын бөлүнгөн колдоо линиясы аркылуу тейлөөгө байланыштуу суроолор боюнча ыкчам жооп алууга болот.
Баланс жетишсиз болсо да, байланышта болуу
Эгерде 30 күндүк мөөнөт аяктаганда, баланста тарифти жаңылоо үчүн каражат жетишсиз болсо, абонент үч күн бою акысыз топтомду автоматтык түрдө активдештирүү менен тарифтик планды колдонууну уланта алат. Үч күндүн ар биринде жогорку ылдамдыктагы 3 ГБ интернет, тармак ичиндеги чексиз чалуулар жана Wi-Fi аркылуу интернет таратуу мүмкүнчүлүгү берилет. Мындан тышкары, топтомду колдонуу мөөнөтүнүн ичинде башка операторлордун номерлерине чалуу үчүн 5 мүнөт жана тармак ичинде 200 SMS жөнөтүү каралган.
Ошентип, абонент балансты толуктоо үчүн кошумча убакытка ээ болуп, көнүмүш байланыш кызматтарын жана интернетти колдоно берет.
ULTRA тарифин кантип кошууга болот?
Тарифти MEGA сатуу жана тейлөө борборлорунда, фирмалык салондорунда, MegaPay колдонмосунда жана промоутерлер аркылуу активдештире аласыз. Ай сайын 1000 сомго чейинки абоненттик төлөмү менен тарифтерди колдонгон абоненттер ULTRA тарифине өтө алат.
ULTRA − байланышта болуу, сүйүктүү кызматтарды колдонуу жана бир эле тарифте көбүрөөк функциялардын болгондугун баалагандар үчүн табылгыс чечим.
КР МБА лицензиялары: №14-1133-КР, №18-0326-КР, №18-0303-КР, №15-1446-КР, №16-0090-КР, №18-0261-КР