Бүгүн, 29-октябрда Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Тайырбек Жумашбек уулу килемге чыгат.
Дене тарбия жана спорт агенттиги маалымдагандай, балбан 65 килограмм салмакта күч сынашып, мелдешти 1/16 финалдан баштайт. Жумашбек уулу алгачкы беттешин азербайжандык Рашид Бабазаде каршы өткөрөт.