Бүгүн, 3-ноябрда Агартуу министрлигинде коррупцияга каршы иш-чаралардын аткарылышына жана жарандардын кайрылуулары менен иштөөгө көз карандысыз мониторинг жүргүзүлдү.
Министрликтен билдиришкендей, мониторинг президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин мониторинг тобунун жетекчиси, эксперт Замир Айылчиевдин жана «Башкы Элдик көзөмөл» коомдук уюмунун өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.
Анда жарандардын кайрылууларын кабыл алуу жана кароо тартиби, жооптордун өз убагында берилиши, иштин ачык-айкындуулугу жана ички көзөмөл механизмдери бааланды.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын тогуз айында министрликке жалпы 1615 кайрылуу түшкөн. Мындан тышкары, президенттин администрациясынан 858, Жогорку Кеңештен 163 кайрылуу келип түшкөн.
Мониторингдин жыйынтыгында эксперт Замир Айылчиев кайрылуулар менен иштөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана аныкталган маселелерди чечүү боюнча сунуштарын берди.