Жогорку Кеңештин депутаты Гульнара Акимбаева Бишкек шаарындагы Свердлов районунун №46, №53 жана №94 мектептеринин ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ал мектептердеги окуу шарттарын жана материалдык-техникалык базасын көрүп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын атынан интерактивдүү панелдерди тапшырды.
Депутат билим берүү тармагын колдоо жана мектептердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо сапаттуу билим берүүнүн маанилүү шарттарынын бири экенин белгиледи.