Биз социалдык тармакта

Өзбекстандан Сох анклавына ташылып бара жаткан жүк кармалды

Өзбекстандан Кыргызстан аймагы аркылуу Сох анклавына мыйзамсыз ташылып бара жаткан жүк кармалды.

Бажы кызматы маалымдагандай, 28-октябрда өзбекстандык номердеги Daewoo Damas үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Унаада Сох анклавына жеткирилиши керек болгон жалпы салмагы 791 килограмм жаңы бышкан мөмө-жемиштер болгон.

Товар белгиленген дарекке жеткирилгенге чейин Кыргызстан аймагына түшүрүлгөнү аныкталган. Факт боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, окуянын чоо-жайы такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан