Биз социалдык тармакта

Мэрия жол өтмөктүн дубалынын жабыркашы боюнча түшүндүрмө берди

Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Шабдан баатыр көчөсүнүн кесилишиндеги жол өтмөктүн дубалы өзүнөн-өзү түшүп жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-октябрда саат 03:07 чамасында Honda CR-V үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жол өтмөктүн дубалын сүзгөн. Натыйжада анын сырткы каптамасынын бир бөлүгү жабыркаган.

Окуядан кийин айдоочу Милициянын кайгуул кызматына өзү кайрылган. Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.

"Учурда жол өтмөктүн жабыркаган бөлүгүн калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин интернет желесине тараган сүрөттөрдөн сырткы жасалгасынын айрым бөлүктөрү түшүп, астындагы эски таштар көрүнүп калганы жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан