Биз социалдык тармакта

Кыргызстан менен Казакстан 14 келишимге кол койду

Бүгүн, 30-октябрь Кыргызстан менен Казакстан өкмөт башчыларынын аймактар аралык кызматташтык форумунун алкагында жалпы 14 документке кол коюлду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, кол коюлган документтерде Ысык-Көл менен Бурабай курорттук аймактарынын ортосундагы кызматташтык, Бишкек жана Алматы шаарларынын байланыштарын өнүктүрүү, дары-дармектерди биргелешип сатып алуу, ошондой эле кыргызстандык жана казакстандык ишканалардын ортосундагы азык-түлүк жеткирүү жана продукцияларды жайылтуу боюнча келишимдер бар.

Жалпысынан 8 документ аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, 1 документ саламаттык сактоо тармагына жана 5 документ ишкердик байланыштарды чыңдоого багытталганы белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан