Биз социалдык тармакта

Транспорт министрлигине 52 жаңы атайын техника тапшырылды

Бүгүн, 30-октябрда, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине мамлекеттик бюджеттин эсебинен сатып алынган 52 даана атайын техника жана унаа тапшырылды.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана транспорт министри Талантбек Солтобаев катышты.

"Жаңы техникалар жолдорду куруу, оңдоо, күтүү жана тазалоо иштеринде колдонулат. Алардын арасында самосвалдар, экскаватор-жүктөгүчтөр, автогрейдерлер, жол тазалоочу машиналар жана башка атайын унаалар бар. Мындан тышкары, жыл аягына чейин дагы 103 даана атайын техника алуу пландалууда. Анын 37си "Шумкар" ААК аркылуу, 66сы Борбордук Азиядагы аймактык жол каттамдарын жакшыртуу программасынын алкагында сатып алынат. Жалпысынан 2026-жылдын аягына чейин министрликке 155 даана атайын техника алуу каралган. Алар аймактардын муктаждыгына жараша бөлүштүрүлөт", - деп белгиленди маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан