Бүгүн, 30-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарга газ баллондорун колдонууда коопсуздук эрежелерин сактоо зарылдыгын эскертти.
Министрликтин маалыматына ылайык, турмуш-тиричиликте газ баллондорун туура эмес колдонуудан өрт кырсыктары келип чыгышы мүмкүн. Ошондуктан жарандарга газ баллондорун талапка ылайык колдонуп, өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактоо сунушталды.