Астана шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпиондугунда эркин күрөштөн Малик Шаваев жарым финалга чыга алган жок.
Ал чейрек финалда америкалык Кайл Дейк менен кез келип, 2:6 эсебинде утулуп калды. Шаваев 1/8 баскычта дүйнөнүн эки жолку чемпиону ирандык балбан Камран Гасемпурду мөөнөтүнөн мурда таза (туше) жеңген. Андан мурун швейцариялык балбанды жана Пуэрто-Риконун өкүлүн уткан болчу. Ал дүйнө биринчилигине 86 килограмм салмак ченинде катышты.