Айыл чарба министрлиги менен Улуттук илимдер академиясынын биология институту ортосунда макулдашылган план ишке ашырылууда. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда министрликтен маалымдады.
Маалым болгондой, анын алкагында Ысык-Көлгө 300 миң даана форель балыгынын икрасы алынып, аларды жасалма уруктандыруу жана атайын инкубациялык аппараттарга жайгаштыруу иштери жүрүп жатат.
"Бекитилген планга ылайык, Ысык-Көлдүн балык ресурстарын сактоо жана көбөйтүү боюнча иштер мындан ары да улантылат", - деп кошумчалады мекеме.