Биз социалдык тармакта

Саммит учурунда Трамп Эрдоганга байланышка чыкты (видео)

Бүгүн, 30-октябрда АКШнын президенти Дональд Трамп Түрк мамлекеттер уюмунун 13-саммити башталар алдында Режеп Тайып Эрдоганга телефон аркылуу байланышка чыкты. Бул учурду казак өкмөтүнүн басма сөз кызматында иштеген Адил Балтабаев видеого тартып жетишкен.

Видеодон эки мамлекеттин башчылары сүйлөшүп, Борбор Азиядан барган президенттерге котормочулары Трамптын сөздөрүн жеткирип жатышканын көрүүгө болот.

Сүйлөшүүнүн алкагында ал иш-чаранын жүрүшүнө ийгилик каалап, уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлерине жакшы каалоо-тилектерин айтып, аларды абдан жакшы көрөрүн билдиргени маалымдалды.

Эскерте кетсек, саммит кечээ, 29-октябрда башталган. Ага өлкө башчысы Садыр Жапров да катышып жатат.

Трамп Түрк мамлекеттер уюмунун жыйыны өтүп жатканда Эрдоганга чалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан