Астана шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда эркин күрөштөн Малик Шаваев чейрек финалга чыкты.
Ал 1/8 баскычында дүйнөнүн эки жолку чемпиону ирандык балбан Камран Гасемпурду мөөнөтүнөн мурда таза (туше) жеңди. Шаваев буга чейин швейцариялык балбанды жана Пуэрто-Риконун өкүлүн уткан болчу. Шаваев дүйнө биринчилигине 86 килограмм салмак ченинде катышууда.