Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров "Ала-Тоо Резорт" жылына 2 миллион турист кабыл аларын айтты

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдө курулуп жаткан "Ала-Тоо Резорт" туристтик кластери жылына 2 миллионго чейин турист кабыл аларын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-октябрда, Түркиянын Анкара шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын 13-саммитинде сүйлөп жатып айтты.

Мамлекет башчысынын айтымында, туристтик кластер жыл бою иштөөгө ылайыкталып, 5 миңге жакын жумуш ордун түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ал эми комплекстин биринчи объектисин быйыл 1-декабрда ачуу пландалууда.

Ошондой эле Садыр Жапаров боордош өлкөлөрдүн өкүлдөрүн ачылыш аземине катышууга чакырып, чет элдик ишкерлерди мейманкана, ресторан жана башка туристтик объектилерди курууга инвестиция салууга үндөдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан