Биз социалдык тармакта

Бүгүн Кыргызстандын 4 балбаны дүйнө чемпиондугунда килемге чыгат

Бүгүн, 31-октябрда Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпиондугунда эркин күрөш боюнча 4 кыргызстандык балбан килемге чыгат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 57 килограмм салмакта күрөшүп жаткан Абдымалык Карачов беттешти 1/32 финалдан баштайт. Балбан Орозобек Токтомамбетов мелдешти 1/16 финалдан баштап, 74 килограмм салмакта күч сынашат.
Ал эми балбан Жакшылык Байташов 1/8 финалга чыгуу үчүн 79 килограмм салмакта күч сынашат. 92 килограмм салмакта күрөшүп жаткан балбан Яков Чаплин беттешти 1/16 финалдык баскычтан баштайт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан