Биз социалдык тармакта

Бишкектеги жол өтмөктү сүзгөн айдоочу окуя боюнча түшүндүрмө берди (видео)

Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Шабдан баатыр көчөсүнүн кесилишиндеги жол өтмөктүн дубалын сүзгөн айдоочу окуя боюнча түшүндүрмө берди. Мындай видеону бүгүн, 31-октябрда, мэриянын басма сөз кызматы жарыялады.

“Жумуштан келе жатып кокусунан рулга ээ боло албай, жол өтмөктүн дубалын сүздүм. Жол кырсыгынан кийин дароо Милициянын кайгуул кызматына кайрылдым. Унаам айып короого киргизилди”, - деди айдоочу.

Белгилей кетсек, буга чейин интернет желесинде жол өтмөктүн сырткы жасалгасынын айрым бөлүктөрү түшүп, астындагы эски таштар көрүнүп калган сүрөттөр тараган. Буга байланыштуу мэрия өтмөктүн сырткы каптамасы жол кырсыгынан улам жабыркаганын билдирген.


Бишкектеги жол өтмөктү сүзгөн айдоочу окуя боюнча түшүндүрмө берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан