АКШнын Алабама штатындагы Бирмингем шаарында стадиондун жанында ок атышуу болуп, бир адам каза таап, дагы сегиз киши жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, окуя 31-октябрь күнү кечинде "Legion Field" стадионунун сыртында болгон.
Полициянын өкүлү Дэрэл Фримандын айтымында, жалпысынан тогуз адам жаракат алган. Алардын бири ооруканада көз жумса, дагы бир адамдын абалы өтө оор экени айтылды.
"Окуя болгон жерден ок атуучу курал табылган. Шектүү катары бир адам кармалды. Окуянын себептери жана ок атышууга эмне түрткү болгону азырынча белгисиз", - деп кошумчаланды маалыматта.