Кечээ, 31-октябрда "Даңазалуу доор" сериалынын башкы каарманы Мерьем Узерли атасы Хуссейн Узерли менен Антальяда өткөн 63-Эл аралык "Алтын апельсин" кинофестивалынын кызыл килеминен өттү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка ылайык, кызыл килемде журналисттер актрисанын атасынан: "Кеченин эң сулуу айымы менен келүү кандай сезим?"- деп сурашкан. Буга Мерьем Узерли: "Эң сулуу аял – анын жубайы, менин апам", - деп жооп берген.