31-октябрда 98 жаш курагында блокадалык Ленинграддын жашоочусу Галина Тольская дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.
Маалыматка караганда, Галина Тольская 1929-жылдын 1-сентябрында Ленинградда төрөлүп, балалыгы Улуу Ата Мекендик согуштун оор жылдарына туш келген. 1942-жылы блокада учурунда эвакуацияланган. Согуштан кийин Ташкентте эмгек жолун баштап, 1960-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарына көчүп келип, пластмасса буюмдарын чыгаруучу заводдо бухгалтер болуп эмгектенген. Согуштагы жана тылдагы каармандыгы үчүн "Блокададагы Ленинграддын тургуну" деген төш белги менен сыйланган.