Ош шаарында өткөрүлгөн рейд учурунда алдыңкы айнеги караңгылатылган Toyota Camry үлгүсүндөгү унаа токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маалымдады.
Маалыматка ылайык, унааны Ош шаарынын мэринин жардамчысы башкарып жүргөн. Айдоочуга карата мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлдү.