Кыргызстанда өстүрүлгөн малина, карагат жана ежевиканы Кытайга экспорттоого расмий уруксат берилди. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, эки өлкөнүн ортосунда 2026-жылдын 31-августунда өсүмдүк карантини жана фитосанитардык талаптар боюнча протоколго кол коюлган. Анын негизинде Кытай 20-октябрда кыргызстандык үч түрдүү мөмө-жемишти импорттоого уруксат берген.
"Кытайга продукция экспорттоону каалаган дыйкандар жана таңгактоочу ишканалар белгиленген фитосанитардык талаптарга жооп берип, каттоодон өтүшү керек. Ал үчүн тиешелүү департаментке же анын аймактык бөлүмдөрүнө кайрылуу зарыл",- деп белгиленген маалыматта.