“Элдик Банк” ААК Башкармасынын Төрагасы Уланбек Ногаев Bloomberg эл аралык иштиктүү басылмага берген интервьюсунда аталган Банктын стратегиялык пландары, анын эл аралык финансы рыногундагы өнүгүү келечегитууралуу айтып берди.
Негизги багыттардын катарына – үстүбүздөгү жылы юаньменен номинацияланган облигацияларды чыгаруу аркылуу 500 млн АКШ долларына чейин каражат тартуу, ошондой эле 2027-жылы доллар облигацияларын чыгаруу кирет.
Мындан тышкары, Банк Лондон фондулук биржасына чыгуу үчүн даярдыктарды көрүүдө. Акцияларды алгачкы коомдук жайгаштыруу (IPO) алдын ала 2028-жылга пландаштырылган.
Интервьюда Кыргызстандын инфраструктурасын өнүктүрүү долбоорлорун каржылоого “Элдик Банк” ААКтынкатышуусу, эл аралык кызматташууну бекемдөө жана комплаенс-контролдоо системасын өркүндөтүү маселелери да козголду.
Уланбек Ногаевдин берген интервьюсу менен толукBloomberg сайтынан таанышсаңыздар болот (шилтеме).