Биз социалдык тармакта

Бурул Аманова Япониянын өкүлдөрү менен экономикалык кызматташтыкты талкуулады

Бүгүн, 3-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Бурул Аманова Кыргыз-япон экономикалык кызматташтык ассоциациясынын директору Ичиро Комацубара жана «KOVAX» корпорациясынын директорунун орун басары Дайсуке Ямамото менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү маселелери талкууланды.

Тараптар биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда түз байланыштарды түзүү жана кадрдык потенциалды өнүктүрүү боюнча пикир алышты.

Япон тарап Кыргызстанда жарандарды Японияга барып иштөөгө даярдаган борбор ийгиликтүү иштеп жатканын белгиледи.

Жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты активдүү улантып, расмий жолугушууларды байма-бай өткөрүп турууга макулдашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан