Орусиянын Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) кошулуусу максатка ылайыктуу болмок. Бул тууралуу кечээ, 4-ноябрда Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
"Орусияда тарыхый жактан теги түрк элдеринен турган бир катар аймактар бар",- деди Песков. Ал азырынча Москвага расмий чакыруу түшө электигин кошумчалады.
Эске салсак, 30-октябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Орусияны ТМУга кошууну сунуштаган.