Бүгүн, 5-ноябрга караган түнү Дакар шаарында өткөн Жаштар Олимпиадасында дзюдо боюнча коло медаль жеңип алган Айша Кыялбекова мекенге кайтып келди.
Дене трабия жана спорт мамлекеттик агенттиги кабарлагандай, спортчуну жана анын машыктыруучусун "Манас" эл аралык аэропортунан агенттиктин алдындагы Спорттун түрлөрү боюнча жаштар курама командаларын даярдоо борборунун директору Канат Усупбеков жана агенттиктин өкүлдөрү тосуп алышкан.
Белгилей кетсек, Айша Кыялбекова 63 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, кыргыз дзюдосунун тарыхында Жаштар Олимпиадасында медаль жеңген кыз-келиндер арасындагы алгачкы спортчу болуп калды.