Курулуш министри Нурдан Орунтаев Бишкек шаарынын мэри кызматына барышы мүмкүн делген кептерди четке какты.
Ал кайсы кызматка барарын президент чечерин айтты.
"Бизде тандоо жок. Тагыраагы, ким болорубузду өзүбүз тандабайбыз. Биз кызматка дайындалгандан кийин берилген тапшырмаларды гана аткарабыз. Бул сөздөр жалган. Учурда мэрликти Айбек Жунушалиев аркалап жатат", - деди Орунтаев.