Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чуңкурчак жайлоосунда жайгашкан "Супара-2" этно комплексиндеги өрт боюнча облустук ички иштер башкы башкармалыгы маалымат берди.
Маалыматка караганда, өрт 4-ноябрда саат 21:52 чамасында мештин морунан тутанган. Натыйжада ашкананын 350-400 чарчы метр аянты жана бир жыгач боз үй күйгөн. Өрт чыккан учурда ашканада эч ким болгон эмес. Өрттү өчүрүүгө үч өрт өчүрүүчү унаа тартылган.
Учурда окуя боюнча соттук-өрт-техникалык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы айтылды.