Социалдык тармактарда Бишкектеги мамлекеттик ооруканалардын биринде "Кирүүгө тыюу салынат" деген эскертүү орус жана кытай тилдеринде гана жазылганы тартылган видео жарыяланды.
Автордун айтымында, эскертүүдө кыргыз тили колдонулган эмес. Ал мындай көрүнүшкө нааразычылыгын билдирип, "Эмне үчүн кыргызча жазуу жок?" деп суроо салган.