Эртең, 6-ноябрда түнкүсүн жана күндүз өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт.
Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, Бишкек шаарында түнкүсүн абанын табы +5…+7, күндүз +21…+23 градус болот.
Аймактарда абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +18…+23;
- Талас жергесинде түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20;
- Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +18…+23;
- Баткен облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +18…+23;
- Ысык-Көл аймагында түнкүсүн -1…+4, күндүз +11…+16;
- Нарын облусунда түнкүсүн -3…-7, күндүз +9…+14 градус болот.