Ысык-Көлдө курулуп жаткан "Ала-Тоо Резорт" туристтик кластеринин биринчи фазасы 1-декабрда чоң концерттик программа менен ачылат. Бул тууралуу "Ала -Тоо Резорт" акционердик коомунун өкүлү Аскат Чолпонбаев "Биринчи радиого" билдирди.
Анын айтымында, ачылыш аземи боюнча уюштуруу комитети түзүлгөн. Чет өлкөлүк белгилүү коноктор, спортчулар чакырылат.
"Ачылышына 10 миңден ашык адам келери күтүлүп жатат. Андан сырткары, милиция кызматкерлери, тейлөө тармагынын өкүлдөрү жана атактуу коноктор дагы катышат",- деди Чолпонбаев.
Ал кошумчалагандай, биринчи фазанын алкагында 47 чакырым лыжа жолу, алты асма аркан жолу ишке берилет.