Биз социалдык тармакта

Жалал-Абадда 2 миңге жакын үй-бүлө батирлүү болду (видео)

Бүгүн, 5-ноябрда, Жалал-Абад облусунун Манас шаарында жана Сузак районунда үч турак жай комплексиндеги батирлердин ачкычтары ээлерине тапшырылды.

Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришкендей, "Асман Резиденс 7", "Асман Резиденс 8" жана "Асман Резиденс 14" комплекстериндеги жалпы 1977 батирдин ачкычы берилди.
Ошондой эле мекеме учурда өлкө боюнча 80 миңден ашуун батирдин курулушу жүрүп жаткандыгын кошумчаланды.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, президенттин иш башкаруучусунун орун басары Бообек Салижанов, мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Талант Жекшенов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Жалал-Абадда 2 миңге жакын ипотекалык батир пайдаланууга берилди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан