Биз социалдык тармакта

Дүйнөлүк рекорд... Футболдогу мушташта калыс 53 айып кагазын көрсөттү (видео)

Бразилиядагы Минас-Жерайс штатында өткөн футбол боюнча 20 жашка чейинкилер арасындагы беттеште массалык мушташ орун алды. Калыс оюнчуларга 53 айып кагазын көрсөттү.

Чет элдик басылмалардын маалыматтарына караганда, окуя 1-ноябрда "Уберландия" менен "Маморе" командаларынын ортосундагы беттеш учурунда болгон. "Маморе" оюнчусу Дэви гол киргизгенден кийин атаандаш команданын оюн талаасынан сыртта турган футболчуларына шылдыңдаган жаңсоо кылган. Буга алар нааразычылык билдирип, массалык мушташ жаралган.

Протоколго ылайык, 43 оюнчу, 8 машыктыруучу жана эки клубдун жетекчиси оюндан четтетилген. Бул окуя рекор болуп калды. Анткени мурунку дүйнөлүк рекорд 2011-жылы Аргентинада коюлган. Анда калыс 36 айып кагазын көрсөткөн.

Дүйнөлүк рекорд... Футболдогу мушташта калыс 53 айып кагазын көрсөттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан