Ыдык көрсөтүү аракеттери үчүн жаранды жоопкерчиликке тартууну көздөгөн мыйзам долбоору парламенттин сайтындагы коомдук талкууга коюлду.
Эл өкүлү Элвира Сурабалдиева иштеп чыккан документте адамдын эркине каршы сексуалдык аракеттерди жасагандарды 3 суткадан 7 суткага чейин камоо же 20 миң сом айып пулга жыгуу каралган. Тагыраагы, мындай жаза сексуалдык мүнөздөгү сөздөрдү айтууда, денеге тийүүдө, сексуалдык видеолорду, аудиолорду, сүрөттөрдү жөнөтүүдө колдонулмакчы.
Ал эми сексуалдык аракеттер үчүн адамды мажбурласа жана ыдык көрсөтүүсүн кайталаса, анда күнөөлүү тарапты 2 жылдан 4 жылга чейин абакка кесүү сунушталат.