Биз социалдык тармакта

Ошто кандай курулуштар жүрүп жатат?

Кечээ, 6-ноябрда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош шаарындагы бир катар объекттерди көрүп, курулуштун жүрүшү менен таанышты.

Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, алгач Касымалиев "Ош Сити" (IT шаарчасы) долбооруна барган. 71 гектар аянтта 17 миң 200 батир, 3 мектеп, 2 бала бакча, оорукана жана IT-хаб курулууда. Долбоордун алкагында 15 миң жумуш оруну түзүлмөкчү.

Андан ары өкмөт башчы Бекмамат Осмонов көчөсүнө барып, капиталдык оңдоо иштерин көргөн. Узундугу 5 чакырым болгон жол 6 тилкелүү болуп жасалган. Тротуарлар жана 9 автобус аялдамасы менен бирге иштер жыл аягына чейин бүткөрүлөт. Ошондой эле Адылбек Касымалиев таштандыны кайра иштетүү жана электр энергиясын өндүрүүчү заводдун долбоору менен таанышкан. Наркы 95 миллион долларды түзгөн завод суткасына 800-1000 тонна таштандыны иштетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Өкмөт башчы Ак-Буура дарыясын таштандылардан тазалоо жана иретке келтирүү иштеринин 2-этабын көрду. 2-этапка 24 миллион сом бөлүнүп, 63 253 куб метр сел калдыктары жана кум-шагыл чыгаруу каралган. Мындан тышкары өкмөт башчы "Коңур-Жаз" агроөнөр жай комплексине дагы барды. Долбоор боюнча 69,76 гектар аянттагы комплекс 10 миң баш малга ылайыкталып, 910 жумуш оруну түзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан