Кечээ, 13-ноябрда АКШнын Жаңы Орлеан шаарында жүк ташуучу танкер круиздик лайнерди сүзүп, кеме жарым-жартылай сууга чөктү.
Чет элдик басылмалар билдиргендей, кемеде жалпы 190го жакын адам (анын ичинде 129 жүргүнчү) болгон. Сууга кулагандарды куткаруучулар, Жээк күзөтү жана жакын жердеги башка кемелердин экипаждары толугу менен куткарып калышты.
"Ар кандай жеңил жана орто деңгээлдеги жаракат алган 32 адам ооруканага жеткирилди. Дайынсыз жоголгондор же каза болгондор жок. Алдын ала маалыматтар боюнча, кагылышууга бир саат калганда танкердин рулу иштен чыгып, башкарууга мүмкүн болбой калган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деп белгиленди маалыматта.