Бүгүн, 14-ноябрда социалдык тармактын колдонуучусу Ысык-Көл облустук борборлоштурулган ооруканасында шприцтерди жана операциялык шаймандарды буу менен тазалоочу жайдан чыккан саркынды суу сыртка агып жатканын айтып, видео жарыялады. Андан жакын жашаган тургундар кооптонуп жатышканын айтышууда. Видео социалдык тармакта талкуу жаратты.
Видеонун авторунун айтымында, аталган жайдын жанында оорукананын медициналык калдыктарды зыянсыздандыруучу жайы да бар. Анын белгилешинче, бул жай турак үйлөрдөн болжол менен 20 метр гана аралыкта жайгашкан. Ошондой эле ал медициналык калдыктарды утилдештирүүчү жайлар жашоочулардан 1,5 чакырым алыстыкта болушу керектигин айтып, объекттин үйлөргө жакын жайгашканына тынчсыздануусун билдирген.
Анын айтымында, агып чыккан саркынды суу жайында жагымсыз жыт чыгарып, кышында тоңуп, музга айланат.
"Суу тынбай агып турат, бул жактын баары саз болуп жатат. Бул жерде канализация бар. Саркынды суу агып чыккан түтүктү ошол канализацияга кошуп койсо болбойт беле? Буга ким жооп берет?" - деп суроо салган видеонун автору.
Азырынча бул маселе боюнча тиешелүү мекемелерден расмий түшүндүрмө бериле элек.