Бүгүн, 14-ноябрда президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөткөн Сыймык Жапыкеев "Түндүк" тиркемесинен 30 миң 532 шайлоочунун колун топтоду. Бул анын талапкер катары каттоодон өтүшү үчүн зарыл болгон кол топтоо талабын аткарганын билдирет.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүү боюнча 11 адам арыз берген. Алардын ар бири каттоодон өтүү үчүн кеминде 30 миң шайлоочунун колун чогултууга тийиш.
Акыркы маалыматтар боюнча, талапкерлердин арасында кол топтоо көрсөткүчү төмөнкүдөй:
Ал эми учурдагы президент Садыр Жапаров талапкерлигин колдоо үчүн бир суткага жетпеген убакытта 30 миңден ашык кол топтоп, 11-ноябрда өнөктүгүн аяктаган. Кийинчерээк анын талапкерлигин колдогондордун саны 60 миңге жеткен.
Шайлоочулар талапкерлерди "Түндүк" тиркемеси аркылуу электрондук түрдө же кагаз жүзүндө колдой алышат. Кол топтоо өнөктүгү 8-декабрга чейин уланат.
Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.