Биз социалдык тармакта

Токтогулда 68 метр бийиктикте мамлекеттик желек орнотулат (видео)

Жалал-Абад облусуна караштуу, Токтогул шаарынын Кайрак аймагында 68 метр бийиктикте мамлекеттик желек орнотулат. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда шаар тургуну социалдык тармактагы баракчасында видео менен бөлүштү.

Видеодон желектин түркүгүн орнотуу иштери жүрүп жатканын көрүүгө болот. Автордун айтымында, түркүккө дагы үч бөлүк кошулат.

"Бишкектеги аянтта турган желек, буйруса, эми бүркүттүн эстелигинин жанында жайгашып, бийиктиги 68 метр болот экен", - деп жазды ал.

Токтогулда 68 метр бийиктиктеги мамлекеттик желек орнотулат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан