Тоого чыкканда кийимди туура тандоо менен бирге коопсуздук эрежелерин сактоо зарыл. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертүү берди.
Маалыматка караганда, тоолуу аймактарда аба ырайы күтүүсүз өзгөрүп, жолдор тайгак жана кооптуу болуп калышы мүмкүн.
Ошондуктан тоого жалгыз чыкпай, аба ырайын алдын ала текшерип, керектүү куткаруучу шаймандарды ала жүрүү сунушталат.