
Ош шаарында 19 жаштагы Шохиста Юлдашева аттуу жаран дайынсыз болууда. Бул тууралуу кечээ, 11-ноябрда социалдык тармактарга маалымат чыкты.
Маалыматка караганда, Юлдашева 16-октябрда саат 07:45те үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Кыз акыркы жолу Ош шаарынын Масалиев проспекти, 39 дарегинен байкалган.
"Кийген кийими: жеңдеринде ак сызыктары бар кара спорттук күрмө, кара жинсы шым жана кара кроссовки. Жанында кара түстөгү сумкасы болгон, өзүндө уюлдук телефону жок",- деп айтылды маалыматта.
Кызды көргөн же анын жүргөн жери тууралуу маалыматы бар адамдар 0558 561 856, 0551 621 041 номерлерине же 102 кызматына кабар берсе болот.