Биз социалдык тармакта

Эрлан Шеров баштаган дзюдочулар Токиодогу мелдеште күч сынашат

Кыргызстандын дзюдочулары Токио шаарында мелдешке катышат. Бул тууралуу Дзюдо федерациясы маалымдады.

Маалым болгондой, Токиодо дзюдо боюнча эл аралык мелдештердин бири - "Tokyo Grand Slam-2026" турнири өтөт.

"Турнир 5-6-декабрда болот. Кыргызстандын атынан мелдешке 20 спортчу катышат. Алардын 13сү эркек, 7си кыз-келиндер. Ата мекендик дзюдочулар дүйнөнүн күчтүү спортчулары менен күч сынашып, байгелүү орундар үчүн күрөшөт",- деп кошумчалады мекеме.

Белгилей кетсек, "Tokyo Grand Slam" - эл аралык Дзюдо федерациясынын дүйнөлүк турунун алкагында өтүүчү абройлуу мелдештердин бири.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан